Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын 10 текстиль фабрикасы өнүмдөрүн АКШга экспорттоого сертификат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2024 | 680 | 0

Өзбекстандын 10дон ашык текстиль ишканасы АКШ базарына кирүүгө жеңилдик берген эл аралык стандарттагы WRAP (Worldwide Responsible Accredited Production) сертификатын алды. Бул тууралуу  Узтекстильпром ассоциациясы билдирди.

Өзбекстандагы «Узтекс» компаниялар биримдиги Борбор Азияда биринчилерден болуп эл аралык стандарттагы сертификатка ээ болду.  Өзбек ишкерлерине эл аралык стандарттагы WRAP сертификатын компаниянын башкы директору Хонг Мэй тапшырган.

WRAP сертификаты текстиль тармагындагы өтө татаал стандарттардын бири. Бул документ АКШга экспорттоо үчүн өндүрүмдүн бардык социалдык норма жана эрежелерине дал келиши керек. Тактап айтканда жогорку сапат жана өндүрүмдөгү бардык этика сакталышы зарыл.

Узтекстильпром ассоциациясы ушундай эле сертификатты дагы 10 чакты текстиль ишканасы алуу алдында турганын да кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM