Биз менен байланышыңыз

Нарын, Ысык-Көл жана Чүйдө мал уурулук менен алектенген топ кармалды

Кыска кабар | 6 Янв 2024 | 263 | 0

Бир нече аймакта мал уурулук менен алектенген ири топтун кылмыштуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды.

4-январда ИИМдин КИББдин кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде Нарын облусунан келген Merсedes-Benz Sprinter Спинтер жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүү учурунда ичинде уурдалган эки жылкы табылды. Аталган факты боюнча Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жылкылар уурдалган.

Кылмышка шектүү катары кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды:

-1987-жылы туулган К. А., Жалал-Абад облусунун тургуну,

— 1989-жылы туулган И. А. аттуу жаран, Нарын облусунун тургуну,

— 1990-жылы туулган А. Б., Чүй облусунун тургуну,

-1987-жылы туулган О. Б., Ысык-Көл облусунун тургуну,

Кармалган адамдар мурда бир нече жолу, анын ичинде оор кылмыштары үчүн соттолгон. Алардын бири кылмыш жоопкерчилигине 16 жолу тартылган. Учурда алардын баары Кочкор райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандар Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында мал уурдоо фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM