Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 6-январга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12,
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6.
Бишкекте күндүз бираз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус жылуу.