Биз менен байланышыңыз

Алимардон Шүкүров Азия Кубогунда ойнойбу? Расмий жооп

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 275 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын акыркы тизмесине кирген жок.

Себеби ден соолугуна байланыштуу экенин Кыргыз футбол бирлиги билдирди.

«Алимардон Шүкүров азыр команданын карамагында. БАЭ менен болгон сыноо оюнунда алган жараатынан кийин футболчу Азия кубогуна катыша турган курамга киргизилген жок. Бирок Шүкүров турнирдин башталышына чейин сакайып кетсе, курамды чукул түрдө алмаштыруу жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук курама команданын БАЭ менен оюну (0:1) 30-декабрда өттү. Шүкүров 22-мүнөттө атаандашы менен кагышып, бир нече мүнөттөн кийин ал талаадан чыкан.

Алимардон Шүкүров улуттук курамадан тышкары, беларусиялык «Неман» клубунда 2021-жылдан бери ойнойт. Ага чейин түркиялык «Болуспор» клубунда ойноп келген.

Кыргыз футбол бирлиги 4-январда Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын акыркы тизмесин жарыялаган.

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсель Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков.

Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев.

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Мерк Кай, Бекназ Алмазбеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков, Азим Азаров.

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кожо Жоэл, Дастан Токтосунов.

Улуттук курама команда Азия Кубогуна даярдык өткөрүүдө. Анын алкагында Кыргызстан Сириянын командасы менен Дубайда беттеш өткөрөт. Оюн 5-январда болот. Беттеш машыктыруучулук мүнөзгө ээ болуп, жабык режимде жана эфирсиз өтөт.

Буга чейин «Ак шумкарлар» Өзбекстан, БАЭ командалары менен ойногон. Сирия менен 5-январда, Вьетнам менен 9-январда беттештер өтөт.

Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM