Биз менен байланышыңыз

Жапонияда зилзаладан каза болгондордун саны 30га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2024 | 366 | 0
Жапониянын батыш тарабындагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 30га жеткенин чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүдөн жабыркаган райондордо жашагандар ачык аянттарга SOS деп жазып жардам сурашууда. Каза болгондор уранды алдында да болушу мүмкүн деп божомолдонууда.
Эске салсак, жердин силкинүүсүнөн префектурадагы Жапон деңизи ташып, цунами каптоо коркунучу жаралган. Мындан улам жапон бийлиги Кага, Ното, Нигата, Тояма райондорундагы калкты коопсуз жактарга көчүп кетүүгө үндөдү. Жапонияда эң катуу жер титирөө 2011-жылдын 11-мартында болгон. Анда силкинүү күчү 9 баллга жеткен зилзаладан кийин цунами көтөрүлүп, 20 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Андан тышкары «Фукусима» атомдук электр станциясы (АЭС) жарылып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM