Биз менен байланышыңыз

Орусиядан 100дөн ашык мигрант депортацияланмакчы

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2024 | 368 | 0

1-январда Санкт-Петербург шаарында 3 миңдей мигрант кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда 600дөн ашык мигранттын документтеринде мүчүлүштүктөр болгон. Орусиядан 100дөн ашык мигрант депортацияланмакчы.

Петербургдун борборунда Жаңы жылдык шаан-шөкөттөр болгон жок. Майрамдык иш-чаралар 30-декабрда Белгороддо 25 адамдын өлүмү менен коштолгон кандуу окуядан улам токтотулган.

Орусияда акыркы айларда күч алган мигранттарды жапырт кармоолордо орус жарандыгы барлар аскер комиссариаттарына жиберилип жатканы маалым болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM