Биз менен байланышыңыз

Бишкек: «Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароолдун кабинасы жаңыртылды

Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 130 | 0

Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароолдун кабинасы жаңыртыртылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кабинаны оңдоо иштери «Бишкек башкы архитектуранын» долбоорунун негизинде демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп, 1 млн 345 миң 500 сом сарпталган.

Кабинанын чатыры, айнек тосмолору алмаштырылган. Инфракызыл жылыткыч орнотулуп, жылуу пол коюлган. Ошондой эле жаңы килем салынган. Металл тосмолор сырдалып, элементтери жаңыртылган.

Негизгиси, стандарттык өлчөмү 75 сантиметр болгон КР мамлекеттик гербинин жаңы сүрөтү коюлган.

Айта кетсек, Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев Ардак кароолдун кабинасын жаңыртып коюу өтүнүчү менен кайрылган.

Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM