Биз менен байланышыңыз

Борбордук аянттагы ардактуу кароол турган жай жаңыланат

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 190 | 0

Бишкектин борбордук аянтындагы ардактуу кароол турган жай жаңыланат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мэрияга мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев кайрылып, желекти кайтарып турган жоокерлердин кабинасы эскиргенин, андагы гербдин сүрөтү өчө баштаганын белгилеген.

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан аянтта герб түшүрүлгөн ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыяланган. Бирок катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген эмес.

Буга байланыштуу «Бишкек башкы архитектура» ишканасы ыкчам тартипте ардактуу кароол үчүн жылытуу шарттары бар кабинанын жаңы дизайнын иштеп чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM