Биз менен байланышыңыз

Президент: Мүлктөрдү адалдаштырууну өзүм баштап берем

Кыска кабар | 31 Дек 2023 | 372 | 0

Жаңы жылдан кийин өзүм баштап мүлктөрүмдү легалдаштырып берейин деп жатам. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Журналист: «Ички инвесторлорго да жетиштүү көңүл бурулабы?» — деген суроо узаткан.

Ага жооп катары Президент Садыр Жапаров биринчи кезекте ички инвесторлорго колдон келишинче жардам берилерин, анткени алардын тапкан таза кирешелеринин баары мамлекетте каларын айткан. Ошол эле учурда ички инвесторлордо ири байлар аз экенин кошумчалаган.

Аны менен катар биздеги көпчүлүк байлар акчаларын сыртта сакташарын, ага байланыштуу «Кирешелерди адалдаштыруу жөнүндө» мыйзам кабыл алынганын билдирген.

«Биздин көпчүлүк байларыбыз акчаларын сыртта сактап келишет. Ошол үчүн «Кирешелерди адалдаштыруу жөнүндө» мыйзамды кабыл алып бердик. Азырынча эч ким деле аны пайдаланып, «легализация» кыла элек. Легализация кылышса, анан сырттагы акчаларын алып келишет», — деген мамлекет башчысы.

Андан тышкары өзүнүн сыртта сактаган акчасы жоктугун, бирок мамлекет ичинде өзүнө катталбаган мүлктөрү бар экенин, аларды жаңы жылдан кийин легалдаштырып, жолду биринчи баштап берерин маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM