Биз менен байланышыңыз

Вице-мэр: Бишкекке 120 электробус сатып алынды

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2023 | 759 | 0

Бишкекке келе жаткан жылдын экинчи жарымында 120 электробус алып келинет. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Электробустар жапониялык Ankai компаниясынын Кытайдагы өндүрүшүнөн сатып алынды.

Вице-мэрдин маалыматы боюнча, 2023-жылы борбор калаага жалпы миңден ашык автобус алынды. Анын ичинен 600 автобус жаңы. Ал эми троллейбустар келечекте каттамдан алынып, ордуна электробустар чыгышы мүмкүн.

«Быйыл Бишкекке миңден ашык автобус алынды, жаңысы 600, каттамга күнүнө 10-15тен автобус кошулууда. Шаарда автобустардын 26 линиясы бар, бир линияда 18, 20, 24 автобус болушу керек, интервал 8-10 мүнөт. Автобустар таңкы саат 05:30дан тарта түнкү саат 23: 30га чейин катташы керек. Биз бара-бара троллейбустун баарын электробуска алмаштырабыз. Себеби электробустар мобилдүү, а троллейбустар өзүнүн линиясы менен гана каттап, чектелип калат. Акыркы жолу троллейстар 2015-2017-жылы алып келинген, булар иштөө мөөнөтү бүтсө, дагы карап көрөбүз, же жаңы алабыз, же толук электробуска өткөрөбүз. Менин оюм боюнча, электробуска өткөрүү — Бишкек шаары үчүн ыңгайлуу» , — деди Максатбек Сазыкулов.

Бишкекте коомдук транспортко жол кире көтөрүлүп, автобус-троллейбустарга накталай төлөм аркылуу 20 сом, «Тулпар» картасы аркылуу 17 сом, MegaPay электрондук капчыгы аркылуу 11 сом болду.

Жеке менчик маршруттук бустар 20 сомдон каттай баштайт.

Учурда Бишкек шаарында автобус-троллейбустар 11 сомдон, маршруттук бустар 15 сомдон жол кире алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM