Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Жакынкы үч саат ичинде Чүйдө бороон жүрөт

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 480 | 0

Жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймактарында бороон жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери болжолдонуп жатканы айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бороон-чапкындан сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоого чакырды:

  • эшикке чыкпай туруңуз;
  • үйдүн эшик-терезелерин бекем жабыңыз;
  • унааңызды имараттардын жана бак-дарактын алдына токтотпоңуз;
  • электр линияларынын жанынан ыраак кетиңиз;
  • колдон келсе, көчөдөн көз айнек тагынып алыңыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кокус кырсык болуп кетсе, «112» номерине билдирип коюну өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM