Биз менен байланышыңыз

Кочкордун мурдагы акими Курманбек Байтереков дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 1108 | 0

Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков катуу оорудан улам дүйнөдөн өттү. Маалыматты жакындары тастыкташты.

Байтереков Курманбек Анарбекович 1956-жылы Кочкор айылында туулган. 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылаптан кийин Кочкор районуна аким болуп дайындалып, 2010-жылдын 7-апрелинде болгон төңкөрүштөн кийин кызматынан кеткен.

Кочкордогу «Чоң Туз» шахтасын сатып алып, аны бир нече жыл эс алуучу-дарылануучу санаторий катары иштетип келген. Бишкектеги «Ак-Суу» базарынын кожоюну болгон.

Ушул жылдын 30-ноябрында УКМК кызматкерлери «сойкукана уюштурду» деген шек менен камакка алган. Жакындарынын айтымында, УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулуп, кант диабетинен жабыркап жүргөнүнө байланыштуу соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Маркумдун сөөгү эртең, 29-декабрда Бишкек шаарында жерге берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM