Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким, «Ак-Суу» базарынын ээси Б.К.А кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Б.К.А. сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле бул мекемеде бир нече жолу интимдик кызматты пайдаланган.
Топтолгон материалдардын негизинде 30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде Б.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө жүргүзүлүүдө.