Биз менен байланышыңыз

Бишкектин экс-мэри «Даңк» орденин, депутат Ташиев «Даңк» медалын алды

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 375 | 0

Бүгүн, 28-декабрда Президент Садыр Жапаров бир катар адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Салтанатты Улуттук телерадио берүү корпорациясы түз алып көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда кол койгон №345 жарлык кечээ, 27-декабрда «Эркин-Тоо» гезитинин атайын чыгарылышына жарыяланган.

Жарлыкка ылайык экс-министр Кудайберген Базарбаев, коомдук ишмер Бакирдин Субанбеков III даражадагы «Манас» ордени менен, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров «Данакер» ордени менен, «Ас-Салам» кайрымдуулук фондунун Орто Азиядагы өкүлү Набил Хамад Ал-Алоун «Достук» ордени менен, Ысык-Көл облусунун жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов баштаган сегиз адам «Даңк» ордени менен сыйланды.

Андан тышкары легендарлуу ырчы Айша Базарбаевага, режиссёр Нурлан Асанбековго, киноактёр Догдурбек Кыдыралиевге «КР эл артисти», драматург Кайрат Иманалиевге «КР эл жазуучусу» ардак наамы ыйгарылды.

«Даңк» медалы жалпы 16 адамга ыйгарылган. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, Лейлектеги «Ата журт» райондук гезитинин башкы редактору Абдилаат Дооров, Чек ара кызматынын ыр-бий ансамблинин солисти, ырчы Гүлбара Мамбетакунова да бар.

Опера ырчысы Сталбек Жунушалиев баштаган 3 артист «КР эмгек сиңирген артисти», Улуттук хирургия борборунун директору Канат Мамакеев баштаган 16 дарыгер «КР эмгек сиңирген врачы», 4 кызматкер»КР эмгек сиңирген куруучусу», 7 мугалим «КР эмгек сиңирген мугалими», 3 кызматкер «КР эмгек сиңирген юристи», 3 адам «КР эмгек сиңирген экономисти» ардак наамдарын алышты.

Сыйлык ээлерине жалпысынан 4 аталыштагы орден, 1 аталыштагы медаль, 21 аталыштагы ардак наам жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы ыйгарылды.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жылына эки ирет: Эгемендик майрамына жана Жаңы жыл майрамына карата ыйгарылып турат.

Copyright © 2017 Maral FM