Биз менен байланышыңыз

Президент инвесторлорду алдап кеткен учурлар катталып жатканын жазды

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 235 | 0

Президент Садыр Жапаров «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу инвесторлор боюнча кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө инвесторлорду алдап кеткен учурлар катталып жатканын айтып, мындай ишти токтотууга чакырды.

«Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе баштады. Албетте бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын. Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат. Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө. Кыргызда «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды!», — деп жазды Президент Садыр Жапаров.

Аны менен катар инвесторлордон Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу агенттиги сыяктуу мамлекеттик мекемелер менен иштешүүнү өтүнүп, мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен бюрократияга жол бербөөнү талап кылды.

Copyright © 2017 Maral FM