Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чүйдөгү күрөөканалар үстөгүн 20%га түшүрөт

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 245 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Чүй облусундагы 40тан ашык күрөөкана текшерилгенин маалымдады.

Атайын иш-чарада күрөөканалардын тастыктама-уруксат кагаздарына, күрөө мүлктөрүнө коюлган пайыздык өлчөмдөргө кароо жүргүзүлгөн.

Маалым болгондой, УКМК кызматкерлери үстөк пайызды 20%дан ашырбоо талабын коюшуп, кокус андан ашып кетсе, айып пул салынарын эскертишкен.

Тартылып алынган видеолордон көрүнүп тургандай, күрөөкана ээлеринин көбү талапка макулдук беришкен.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачуу учурунда күрөөканаларды текшерүү, үстөк пайыздарын азайттыруу тапшырмасын берген.

УКМКнын төрагасы өлкөдөгү күрөөканаларды иликтөөгө чакырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM