Биз менен байланышыңыз

УКМКнын төрагасы өлкөдөгү күрөөканаларды иликтөөгө чакырды

Кыска кабар | 25 Дек 2023 | 194 | 0

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы коопсуздук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатында кызматкерлерине өлкөдөгү күрөөканаларды иликтөө тапшырмасын берди.

Ташиевдин айтымында, күрөөканалардан карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку үстөктөрүн төлөй албай калышууда. Анын кесепетинен үй-жайынан, мал-мүлкүнөн ажыраган учурлар да бар.

Төрага Улуттук банкты күрөөканалардын лицензиясын текшерүүгө чакырып, алардын үстөгү 30%дан ашпашы керектигин эскертти. Аны менен катар талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине чара көрүлөрүн айтып өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM