Connect with us

Жалал-Абаддагы мектептин жаңы имаратынын ачылышы өттү

Кыска кабар | 25 Дек 2023 | 212 | 0

Жалал-Абад шаарында Советтер Союзунун Баатыры Михаил Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын жаңы имаратынын ачылыш салтанаты өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылышка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө быйылкы жылдын эсебинен 130га жакын мектеп, анын ичинде Жалал-Абад облусунда 28 мектеп салынып бүткөнүн маалымдады.

Мектеп гимназиянын 375 орунга ылайыкташкан 3 кабаттуу имаратынын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 59 млн 308 миң сом сарпталган.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен өлкө аймагында 100 мектеп салынып жатат. Учурда анын токсон беши пайдаланууга берилген, токсон алтынчысынын ачылыш салтанаты жакынкы күндөрдө өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM