Connect with us

ТикТок аркылуу улут аралык кастыкты козутууга шектелген жигит кармалды

Кыска кабар | 25 Дек 2023 | 519 | 0

Кара-Суу районунда 20 жаштагы жигит улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Шектүү декабрь айынын башында «ТикТок» социалдык тармагына жарыялаган видео Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, атайын экспертизага жөнөтүлгөн. Эксперттер «видеодо улут аралык кастыкты козутуучу мазмун бар» деген корутунду чыгарып беришкен.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен иш козголуп, шектүү Э.Х. соттун чечими менен камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM