Кара-Суу районунда 20 жаштагы жигит улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Шектүү декабрь айынын башында «ТикТок» социалдык тармагына жарыялаган видео Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, атайын экспертизага жөнөтүлгөн. Эксперттер «видеодо улут аралык кастыкты козутуучу мазмун бар» деген корутунду чыгарып беришкен.
Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен иш козголуп, шектүү Э.Х. соттун чечими менен камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.