Биз менен байланышыңыз

Президент жыл жыйынтык жыйын өткөрбөйт: Журналисттерде суроо көбөйдү

Коом | 22 Дек 2023 | 452 | 0

Президент Садыр Жапаров быйыл да жылды жыйынтыктаган маалымат жыйын өткөрбөй турган болду. Ал буга чейин «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек берип, курултайдан өткөн маалымат жыйын жок экенин айткан.

Журналисттер, активисттер курултай менен маалымат жыйындын айырмасы чоң экенин белгилешет. Ошол эле учурда мамлекет башчынын оюн колдогондор да бар. 

Президент Садыр Жапаров өлкө башчысы болгон убактан бери экинчи ирет журналисттер үчүн жыл жыйынтык жыйын өткөрбөй турганын айтты. Ал буга Элдик курултайдан өткөн маалымат жыйын жок экенин жүйө келтирген.

Өткөн жумада «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек берип, үч саат бою такталбаган маалыматтарды териштирүү менен отуруп, өзүнүн да, журналисттердин да убактысы текке кеткенин айтып, буларга токтолгон:

«Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты журналисттерибиз да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип, маалымат жыйындын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт экен. Ооба, мен деле башында мурдагы мамлекет башчыларындай болуп, журналисттерди чогултуп, маалымат жыйын өткөрүп көрдүм. Жогоруда айтканымдай 3 саат бою такталбаган маалыматтарды териштирүү менен отуруп, менин да, журналисттердин да убактысы текке кетти» , — деди Садыр Жапаров.

Президенттин билдирүүсү медиа коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдары маалымат жыйын өткөрүү керектигин айтышып, президент журналисттерден качып жатат дешсе, кээ бири президент өлкөдөгү бардык окуяга өз убагында жооп берип жатканын, тиешелүү министликтердин маалымат жыйын өткөргөнү жетиштүү экенин белгилешет.

Медиаэксперт Асел Сооронбаева президенттин журналисттерге маалымат жыйын өткөрбөгөнү ыңгайсыз суроолордон качып жаткандай туюлганын айтты.

«Президент эки жылдан бери журналисттерге маалымат жыйын өткөрбөй жатат. Журналисттердин ыңгайсыз суроолорунан качып жатат окшойт. Бул нерсе 2020-жылы да байкалган. А азыр эки жылдан бери маалымат жыйын өткөрбөгөндүгүнүн себебинен журналисттердин суроолору да көбөйүп баратат. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар, коррупция, жакырчылыктын өсүшү, суу маселеси, тууган-уругун кызматтарга орноштуруу, айтор, бере турган суроолор көп. Биз кудаларынын чоң кызматтарда отурганын көрүп жатабыз. Журналисттик иликтөөлөр да чыгып жатат. Аларды президент «интрига жасоо үчүн» деп айыптап келет. Ар бир журналисттик иликтөөнүн артында чоң эмгек, далилдер бар. Биз фактчектен өтөбүз, юридикалык эксперизанын көзөмөлүнөн өтөбүз. Ачык булактардан, анонимдүү булактардан жана башка көптөгөн аргументтер аркылуу иликтөөлөр жасалат. А биз иликтөөлөргө адекваттуу жооп ала элекпиз». 

Сооронбаева президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маектеринде элди бөлүп-жарып, кастык тилин колдонуп, журналисттердин жасаган иликтөөлөрүн жокко чыгарып жатканын айтып, бул нерсе упай алып келбесин кошумчалады.

Ал эми саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев президенттин чечимин туура деп ойлойт. Анткени, Элдик курултайда журналисттер тарабынан көтөрүлгөн көпчүлүк суроолорго дээрлик жооп бергенин, андан сырткары министрликтер «Кабар» мамлекеттик агенттиги аркылуу маалымат берип жатканын жетиштүү деп ойлойт.

«Президент чечими туралуу жетиштүү эле түшүндүргөндөй болду окшойт. Курултайда да маселелер айтылды, ЖМК тарабынан козголгон көйгөлөрдүн көпчүлүгүнө өлкө башчы өз пикирин айтты. Андан сырткары Жогорку Кеңеште Өкмөт жыл жыйынтыгы тууралуу отчётту жогорку деңгээлде тапшырды. Андан сырткары ар бир министрлик «Кабар» мамлекеттик агенттигинде журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатат. Менин оюмча маалымат жетиштүү эле.  Ошондуктан президент маалымат жыйын өткөргөн жок деп ойлойм. Ошондой эле президент коомчулукту өзүнө тарткан маанилүү маселелер боюнча өзүнүн пикирин билдирүүдө».

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков курултай менен журналисттерге берген маалымат жыйындын айырмасы чоң экенин айтып, буларга токтолду:

«Дүйнөдө бардык өлкөдө жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрүлүп келет. Өткөндө курултайда делегаттардын астында жооп беребиз деген таризде айтылган сөз, менимче, такыр туура эмес. Себеби курултайдын форматы башка, журналисттерге жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрүү такыр башка. Биз маалымат жыйынды президенттин бүткүл Кыргызстанга жылдын жыйынтыгын чыгарып, элге болгон кайрылуусу, алдыда боло турган пландары тууралуу айта турган аянтча катары түшүнүшүбүз керек. Бул өтө маанилүү нерсе. Бизде азыр «президенттик башкаруу, бир адам бардык нерсеге жоопкерчилик алат» деген мандемде Башмыйзам өзгөргөн. Мына ошого ылайык, президент өзү жылды жыйынтыктап, элге кайрылуусу зарыл болчу». 

Ошондой эле ал министрликтердин «Кабар» мамлекеттик агенттигине жыйын өткөрүп жатканын бир багыт боюнча маалымат берүү деп ойлойт. Мисалы, Экономика министрлиги экономика жаатындагы маселелерге гана жооп бере алат.

Журналист Канышай Мамыркулованын айтымында, президенттин жыл жыйынтыгын чыгарып, массалык маалымат каражаттарына жыйын өткөрүүсү салтка айланган. Бул нерсе бардык өлкөлөрдө өткөрүлүп келет.

Ал суроолор көп экенин айтып, буларга токтолду:

«Жөндөн-жөн эле үч саат убактым өтүп кетти» дегени жакшы нерсе эмес. Мамлекет башчы жылдын жыйынтыгын чыгарып, элдин алдында маалымат бериши салттуу түрдө болуп келген. Бул дүйнө жүзүндө бардык өлкөдө өткөрүлүп келет. Мындан качуунун деле зарылчылыгы жок болчу. Менимче, суроолор өтө көбөйүп кетти. Мисалы, туу маселеси, активист, саясатчыларды камоо маселеси боюнча суроолор көп. Президент ыңайсыз суроолордон качты, «аларга жооп бергенден көрө өткөрбөй эле коёюн» деди окшойт». 

Садыр Жапаров Кыргызстанда 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен кийинки массалык башаламандык учурунда тарапташтары тарабынан абактан чыгарылган. Ал алгач өкмөт башчынын милдетин аткарып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков оставкага кеткен соң, президенттин милдетин кошо аткара баштаган.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого Садыр Жапаров да катышып, шайлоочулардын дээрлик 80% добушун алган. Өлкө башчы былтыр да маалымат жыйын өткөргөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM