Биз менен байланышыңыз

Oilon-Oigon демилгеси жаштарды жигердүү болууга үндөйт

Коом | 22 Дек 2023 | 316 | 0

Өлкө калкынын басымдуу көпчүлүгүн жаштар түзөт. Активисттер жаштар мамлекет менен элдин ортосундагы мамилени жакшыртууга жөндөмдүү негизги топ болуп саналарын, ошондой эле жаштар жигердүүлүккө, бакубат жашоого багытталган демилгелердин негизин түзөөрүн айтышууда. Жаштардын жарандык жигерин өнүктүрүү максатында Борбор Азиядагы IDEA уюму Oilon-Oigon аттуу демилге көтөрүп, өлкөнүн бардык аймагында Манастын жети осуятындагы жаштарга айтылган насааттар, алардын маанисин түшүндүрүү аркылуу жарандык өнүктүрүүгө багытталган семинарларды уюштурушууда. 

Oilon-Oigon демилгеси жаштарды жигердүүлүккө үндөө, коомдук маселелерге аралашуусуна колдоо көрсөтүү, жаңы идеяларды жаратуусуна дем берүү, укук коргоо тармагындагы билимин кеңейтүү менен бирге коомдук процесстерге активдүү катыштыруу үчүн керектүү курал менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

Борбор Азиядагы IDEA уюмунун демилгечилер координатору Камила Усманова Oilon-Oigon демилгесине катышкан жарандардын көпчүлүгү өз укуктарын толук билбегенин айтат. Ошондуктан Манастын жети осуятындагы жарандык жигерди түшүндүрүү  менен кыргыз концепциясын жайылтуу максатында ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгилеп, жаштардын көйгөйлөрүн айтты.

«Oilon-Oigon демилгесинин дагы бир максаты кыргыз жараны концепциясын жайылтуу жана «Манас» эпосу аркылуу жаштардын жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү. Бүгүнкү күндө эң орчундуу маселелердин бири: жаштарды массовка катары колдонууда. Бул көйгөй жалпы эле дүйнө коомчулугунда бар. Анда жаштардын үнүн укпоо, аларга карата колдоо жок. Биздин уюм жалаң жаштар менен иштешип, идеяларын колдоп, үнүн угуп, коомчулукка жеткирүүгө аракет кылуудабыз. Жаштар бүгүнкү күндө маанилүү чечимдерди кабыл алууга катыша алат, алардын аракети жакшы, болгону колдоо гана керек». 

Жарандык активист Нуржигит Асановдун айтымында, жаштар өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги локомотив. Бирок мамлекет тараптан жаштарды өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу иштер болбой жатат.

Ошондой эле ал министрликтерде жаштар менен иштеген бөлүм болушун каалайт. Анткени бүгүнкү күндө министрликтер менен жаш демилгечилердин ортосунда байланыш жай жүрүүдө.

«Жаштарды тартуу керек» деген көптөгөн сөздөр болот. Бирок аларды өнүктүрүү, интеграция кылуу, тийиштүү көмөк көрсөтүүгө багытталган иштер, тилекке каршы, жок болууда. Куру сөздөр көп, бирок ишке өтүү керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар менен жаштардын ортосунда байланыш жокко эсе десем жаңылышпайм. Министрликтеги ар бир бөлүм өздөрүнүн багытындагы жаштар менен иш алып барып, алар менен чогуу долбоорлорду ишке ашырса жакшы болмок. Тилекке каршы, тыгыз байланыш жок. Кеп эмнеде экенин түшүнбөйм, же жаштардын үнүң уга албагандыктанбы, же жаштардын үнүн уккусу келбегендиктеби? Ушул жагы түшүнүксүз болууда».

Футболчу Айдана Оторбаеванын айтымында, өлкөдө күрөштөн башка спорттун түрлөрүнүн өнүгүшү жай болууда. Анын ичинде кыздар футболунун өнүгүшү да төмөн. Анын бирден-бир себеби коомчулуктун «футбол кыздардыкы эмес» деген стеоретиптин да таасири бар экенин айтып, бул чектерден чыгуунун жолдору менен бөлүштү.

«Чынын айтканда, биздин өлкөдө спорттун түрлөрүнүн өнүгүшү жай болууда. Бир гана күрөш жакшы өнүгүп келүүдө. «Учурда футбол жакшы өнүгүп келе жатат» дегени менен андай деле эмес. Машыктыруучулардын, Кыргыз футбол федерациясынын алдында чоң жумуш, жоопкерчилик турат. Анын ичинде кыз-келиндер футболу өлкөдө жайылган эмес. Бирок өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Өнүкпөй жатканын бирден-бир себеби аларга карата айтылган стереотиптер, «футбол кыздардыкы эмес» деген сөздөр. Бүгүнкү күндө жаштар социалдык тармактар аркылуу бул маселеден чыгууга жардам бере алат. «Баарына мүмкүнчүлүк берүү керек»,  «футбол баары үчүн», «футболдо жыныс жок» деген мааниде социалдык тармактарга билдирүүлөрдү таратуу менен биз бул чектерди жеңе алабыз».

Oilon-Oigon демилгеси 2023-жылдын ноябрынан тарта 2024-жылдын апрелине чейин өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында өткөрүлүүдө. Анын жыйынтыгында демилгелүү жаштардын арасынан тандоо түрү өтүп, алар өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашырууга каржылык мүмкүнчүлүк алууга мүмкүнчүлүк ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM