Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Журналисттер Жоламандын сөздөрүн контексттен алыптыр

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 1335 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балбан Жоламан Шаршенбековдун айланасындагы талкуу боюнча билдирүү жасады.

«Мен азыр Жоламан баатыр менен байланышып, сүйлөштүм. Ал Өзбекстанда машыгууда. Журналисттер сөздөрүн контексттен жулуп алып чыгарып, ал чоң саясат, сенсация болуп кеткенине өзү таң калып жатат. Мен Жоламанга капа болбо, көңүлгө алба деп айттым», — деп жазды.

Байсалов Жоламан Шаршенбековду президент Садыр Жапаров дагы, генерал Камчыбек Ташиев дагы колдой турганын айтып, «Балбаныбызга, мамлекет жетекчилиги анын пикирине эч кандай терикпегенин, көңүлгө албасын жеткиздим. Тек гана ийгилик тилешет!», — деп кошумчалаган.

Ошондой эле, Байсаловдун айтымында, Жоламан Шаршенбеков далай жеңиштерге жетип, кыргыз туусун көтөрүп, тууну карап ураан ырды ырдап, 7 миллион кыргызга эмоция тартуулаган балбан катары туу боюнча айтканы — ал тууну сүйгөнү. Аны билип туруп, чемпионубузду саясатка аралаштырып, түрткүлөгөн, чагымчылдыкка барган журналисттерге жол болсун, — деп жазган Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖМКлардын биринде балбан Жоламан Шаршенбековдун мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы пикири жарыяланып, анда балбан учурдагы желекти мындан ары да эл аралык жарыштарда колдоно турганын айткан. Көп өтпөй, социалдык тармактагы посттордун бирине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү калтырганы боюнча скринделген сүрөт тараган.

Processed with MOLDIV

Мындан сырткары президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да буга байланыштуу билдирүү жазган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM