Биз менен байланышыңыз

Легендарлуу паламенттин төрагасы тууну өзгөртүү боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 788 | 0

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу пикирин билдирди. Ал мамлекеттик тууну өзгөртүүнү парламент колдоп бергенин туура эмес деп баалады.

Ал бүгүн, Бишкекте Эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун «Кыргыздар» китебинин ачылышында сөз сүйлөдү.

Шеримкуловдун айтымында, учурдагы парламент төрагасына ал кайрылып, президентке чогуу барууну өтүнгөн.

«Ээрчишип алып бирге президентке баралы, сөзүбүздү айталы» деп айттым. Ал сөз бойдон калды. «Парламенттеги угууларга мени чакырып койсоңор, ушул желекти бекиткен спикер мен элем» деп канча жолу айттым. Желектин авторлоруна да төраганын көзүнчө айттым, «ай, бул желек силердики эмес, меники», дедим. Меники дегеним, ошол кезде мен төрага болуп турган 350 депутат бекиткенбиз. Мен кол койгом. Кечээ күнү да сурандым, «мени чакырып сөз берип койгула» деп. Болор иш болду, мен сындагым да келбейт. Орустар өз желегин 75 жылдан кийин кайтарып алды. Азербайжандар 1918-жылкы желегин кайтарып алып, азыр ошону колдонуп жүрүшөт», — деп билдирди Медеткан Шеримкулов.

Легендарлуу парламенттин төрагасы бийлик элдин оюн эсепке албаганын белгилеп, мындан ары мындай катага жол берилбесе деген тилегин кошуп өткөн.

Белгилей кетсек, 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууга оңдоп-түзөөнү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 2-3-окуудан талкуусуз колдоп берди.Эми ал мыйзам долбоору президентке жиберилет. Ага президент кол коюшу керек.

Copyright © 2017 Maral FM