Connect with us

Баткен мэриясы Түркияга акчалай колдоо көрсөттү

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 301 | 0

Баткен шаарынын мэриясы Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда көмөктөшүү максатында Малатья шаарына акчалай колдоо жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Баткен мэриясы чогулткан 4 миң 480 доллар Малатья мэриясынын өздүк эсебине которулган. Ал эми акча жиберилгени тууралуу тастыктаманы Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Малатья мэринин кеңешчиси Хамит Өзполатка тапшырган.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты, 2024-жылдагы чаралардын планын талкуулашкан.

Хамит Өзполат өз кезегинде жардам жөнөткөнү үчүн Баткен мэриясына жана Кыргызстандын элине ыраазычылык билдирген.

Айта кетсек, ушул жылдын 6-февралында таңга жуук Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагында очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан көп өтпөй күчү 7,6 баллга жеткен экинчи силкинүү катталган. Табият кырсыгынан бир нече шаар кыйрап, көптөгөн адамдар урандыда калып көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM