Connect with us

Түркия менен Сирияда болгон жер титирөөдөн 4300дөн ашуун адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 504 | 0

4300дөн ашуун адам каза болгон ири жер титирөөдөн кийин Түркиянын түштүгүндө жана Сириянын түндүгүндө куткаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Би-би-си маалымат агенттиги жазган.

Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2921 адамга жетип, 15 миң 834 адам жаракат алган.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 12-февралга чейин бүткүл өлкө боюнча аза күтүү жарыялаган.

Силкинүү күчү 7,4 баллга жеткен зилзаланын очогу Түркиянын Кахраман Мараш аймагында болгон.

Бул жер титирөө Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус аймактарына чейин жетип, 711 адам каза болуп, 1431 адам жабыркаган.

Түрк сейсмологдору эң көп жабыркаган шаарлардын бири Газиантеп деп эсептешет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM