Connect with us

Шайлоо өткөрүү күнүн жекшембиден жумага которуу сунушталды

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 195 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген долбоорду коомдук талкууга койду.

Мыйзам долбоорун жазууга Кыргызстанда шайлоолорго катышуучулардын саны азайып бара жатканы себеп болгону белгиленген. Ошондой эле жарандарды шайлоого кызыктыруу үчүн бир катар сунуштарды көтөргөн.

«Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар жана мындай эреже көптөгөн адамдардын шайлоолорго катышуусун камсыздайт. Шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча каражаттарынын негизсиз ысырап болушуна алып келерин белгилесек болот. Мына ушуга байланыштуу ченемдик-укуктук актыларга жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл», — деп жазылган негиздеме-маалымкатта.

Депутаттын сунушу: 

  • Шайлоого себепсиз катышпаган жарандарды жоопко тартуу;
  • Шайлоо аяктагандан кийин үч күндүн ичинде катышпаган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү органдарга өткөрүп берүү (чет жерде иштеген жарандарга тиешеси жок);
  • Талапкерлер күрөөгө төккөн каражаттын эсебинен шайлоочуларды кызыктыруу үчүн ар кандай байгелүү оюндарды, иш-чараларды уюштуруу;
  • Шайлоочуларды эс алуу укугунан ажыратпоо үчүн шайлоо күнүн жекшембиден жумага которуу.

Аны менен катар «Укук бузуулар жөнүндө» кодекске, «Эмгек» кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга шайлоого байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Ага ылайык, эгер жаран себепсиз шайлоого катышпаган же катышуудан баш тарткан учурда мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү маалымкат, лицензия алышына үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө тыюу салынат.

Шайлоо жума күнгө жылдырылып жатканына байланыштуу кызматкерлердин түшкү тыныгуусу үч саатка узартылат.

Айта кетсек, депутат Тазабек Икрамов буга чейин да шайлоого катышпагандарга 5 миң сом айып салууну демилгелеп, бирок мыйзам долбоорун артка кайтарып алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM