Биз менен байланышыңыз

Экс-депутаттын баласы кылмыштуу кирешелерди адалдоого шек саналып кармалды

Кыска кабар | 20 Дек 2023 | 349 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу, Кыргызстандын жараны М.А.М. кримтөбөл Камчы Асанбектин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип кармалганын билдирди.

УКМКнын маалымат кызматынын билдиргендей, кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүмү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча айып тагылып, тергөө абагына камакка алынды.

«М.А.М. Камчы Асанбектин жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, алардын кылмыштуу жол менен алынган мүлкүнө мыйзамдуу көрүнүштү берүү, ошондой эле мыйзамдуу ээсин жашыруу максатында 2020-жылы чыгарылган “Лексус LX570” үлгүсүндөгү брондолгон автоунаасын өзүнө каттоого алып, К.Асанбекке жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө пайдалануу үчүн бергени аныкталды.

Мындан тышкары, М.А.М. К. Асанбек менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болгон, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жаштар жана спортчулар үчүн өткөрүлүүчү жеке спорттук иш-чараларды каржылап турган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Мга тиешелүү ири өлчөмдөгү мүлктөр, анын ичинде Дубай шаарындагы (БАЭ) “Бизнес Бэй” элиталык районунда жайгашкан баасы 4,5 миллион АКШ доллардан ашык болгон 24 батир аныкталды.

Учурда КР УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM