Биз менен байланышыңыз

Умтулуу-2023: «Маралдын» кабарчылары үч номинациянын ээси болду

Кыска кабар | 15 Дек 2023 | 527 | 0

“Маралдын»  кабарчылары кесипкөй журналисттердин арасындагы “Умтулуу-2023” улуттук сынагында байгелүү орундарга ээ болду.
“Маралдын” «Чемпион болууну самаган Дастан Камчыбеков» аттуу чыгарылышы «Аракеттүү инсан» номинациясында 1-орунга ээ болду.

Ошондой эле «Балалыкты коргоо» номинациясы боюнча 2-орунга жана «Айлана-чөйрөнү коргоо» номинациясында 3-орунга ээ болду.

Аталган видеорепортаждар сериясын тартууда: кабарчылар Азамат Убраимов, Зымырат Эркинбекова, операторлор Жолборс Пайзилдаев, Биназир Хадлова жана продюссер Гүлшан Кулматова, режиссер Руслан Абдулдаевден турган топ иш алып барган.
кесипкөй журналисттердин арасындагы “Умтулуу” улуттук сынагы Интерньюс уюму тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет. “Радио Марал-MARAL FM” радиосу алгачкы жолу бул сыйлыктын лауреаты болду.

Copyright © 2017 Maral FM