Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектеги «Ала-Арча» соода борборунун 3-кабатында жалпы суммасы 344 млн сом болгон 2000 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2007-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен Э.И.Г. компаниясына Тынчтык проспектисинде коомдук жана соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн 2,16 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталды.
Мэрия тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерин берүү шарттарына ылайык, ижара берүүчү курулган турак жайдын 10%ын муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттендирилген.
Ошол эле учурда, 2017-жылы Э.И.Г. компаниясы 1074 га жер тилкесин Т.И. ЖЧКсына сатып жиберген, ал өз кезегинде Ала-Арча» соода борборун курган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Т.И.» ЖЧКсы «Ала-Арча» соода борборундагы (3-кабат) аянты 2000 чарчы метр, наркы 344 миллион сомдук турак эмес жайды Бишкек мэриясынын балансына өткөрүп берди.
Бул аянтта балдар аттракциону бар, анын ижара акысы эми шаардык бюджетке түшөрү айтылды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылууда.