Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанга жөнөтүлдү

Кыска кабар | 15 Дек 2023 | 457 | 0

Алдын ала маалымат боюнча 14-декабрь күнү Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алматы –Ташкент унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган.

«112» кызматына келген маалымат боюнча, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган.

Жерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан куткаруучулар жана оор техника тартылган.

Жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар менен түнкү саат 03:05те «Ак-жол» чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришкен.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, жеринде ыктыярчыларга 5 унаа менен тоосколдуксуз айланма каттам уюштурулуп, жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM