Биз менен байланышыңыз

Күрөөканалардын пайыздык үстөгүн азайтуу сунушталды

Кыска кабар | 14 Дек 2023 | 236 | 0

Кыргызстандагы күрөөканалардын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык, күрөөканалар күнүмдүк жана жылдык пайыздык үстөгүн ачык көрсөтөт.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүнкү күндө жылдык үстөк пайызы 200% экенин далилдеген фактылар бар экенин айтты.

«Күрөөканалар пайыздык ставкалары канча экенин да ачык айтышпайт. Ал эми жарандар банктык процедуралардан качып, кыска убакытта акча алып туруу үчүн күрөөканаларга кайрылат. Эми жаңы мыйзам менен күрөөканалардын пайыздык үстөгүнө чектөө киргизилет. Кардар пайыздар тууралуу так билип турушу керек» , — деди министр.

Депутат Нуржигит Кадырбеков өзүнө кайрылган жарандардын бири күрөөканадан 70 миң сом алып, кайра 1 млн 200 миң сом кайтарууга аргасыз болуп жатканын мисал келтирип, элди алданбоого чакырды.

Күрөөканалардан өлкө бюджетине быйыл 11 айда 70 млн сом салык түшкөн. Былтыр 25 млн, андан мурунку жылы 38 млн сом түшкөн.

«Ломбард иши чөйрөсүндөгү» мыйзам долбоорунун сунушталган вариантына ылайык, күрөөкананын пайыздык үстөгүнүн жылдык өлчөмү Улуттук банк тарабынан аныкталган орточо салмакта алынган номиналдык пайыздык коюмдун негизинде эсептелип чыгып, ага 30 пайыз кошулат.

Бирок күрөөканалар иш жүзүндө зайымдарды 1-2 жумага, орточо эсепте күнүнө 0,3% менен (0,1 ден тарта 0,7%га чейинки чектерде күнүнө) берет. Муну жылына эсептегенде жылдык 108%ды түзөт. Ошондуктан сунушталган мыйзам долбоору зайымдын наркын жылдык 108 %дан 47,23 %га чейин же 2 эсе төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM