Connect with us

Жогорку Кеңеш бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Кыска кабар | 14 Дек 2023 | 350 | 0

Жогорку Кеңеш 14-декабрдагы жыйынында өлкөнүн 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө, 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине карата бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алды.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн бюджетти аткаруудагы көрсөткүчтөрүн оң баалады.

2023-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 352 млрд 807 млн 894 миң сом суммасында сунушталууда. Чыгаша бөлүгү 361 млрд 795 млн 602 миң сом суммасында, ал эми тартыштык 8 млрд 987 млн 708 миң сом суммасында болжолдонууда.

Кийинки жылга гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 378,4 млрд сом суммасында каралары белгиленген. Чыгаша 367,5 млрд сом деңгээлинде белгиленген. Кийинки жылы бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM