Connect with us

Акылбек Жапаров: Өкмөттүн структурасы өзгөрбөйт

Кыска кабар | 14 Дек 2023 | 447 | 0

Президент Садыр Жапаров да, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча планы жок. Бул тууралуу Акылбек Жапаров парламенттин 14-декабрдагы жыйынында билдирди.

Депутат Айбек Осмонов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин министрлик кылып өзгөртүүнү карап көрүүнү сунуштаган.

«Агенттикти министрлик кылган менен кадры начар болсо, баары бир иштебейт экен. Азыр жаш кадр, Нурдан Орунтаевди алып бардык. Эгер жакшы иштеп кетсе, курулушка көп акча сарптап, статусун көтөрүүгө даярбыз. Бирок менин жеке оюм боюнча, министрликтердин саны азыр да көп. Бизден да чоң мамлекеттер азыраак министрликтер менен иштейт. Азыр өкмөттүн структурасын өзгөртүү оюбуз жок. Азыркы иштеп аткан курам менен бюджетти профицитке жеткирдик. Мындан ары да иштей беребиз» , — деди Акылбек Жапаров.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине9-ноябрда директору болуп дайындалган.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өлкөнүн 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорун кароодо. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM