Бишкектеги «Орто-Сай» базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабалашты.
Салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, базардын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуп, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп жүргөн.
13-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде салык кызматкери кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.