Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери кызамыктын 5,5 миң учуру катталды

Кыска кабар | 14 Дек 2023 | 156 | 0

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөдө кызамыктын 5532 учуру катталды.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде төмөнкүдөй болот:

Бишкек шаарында – 1637, Ош шаарында – 377, Ош облусунда – 781, Баткен облусунда – 116, Чүй облусунда – 778, Жалал-Абад облусунда – 1591, Талас облусунда – 101, Ысык-Көл облусунда – 83, Нарын облусунда – 68 учур катталды.

Бейтаптардын ичинен 87 пайызы эмдөөдөн өткөн эмес, 39 пайызы эмдөөдөн баш тарткан.

Кызамык вирусу эң көп Бишкек шаары, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталууда. Бул аймактарда эмделбеген балдар арасында кездешет. Башка аймактарда дагы активдүү очоктор бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM