Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Зомбулукка кабылгандардын 95%ы — аялдар

Коом | 13 Дек 2023 | 356 | 0

Өткөн айда көчөгө ташталган үч ымыркайдын энелери сот жообуна тартыларын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, келиндер мындай кадамга ар кандай себептерден улам барышат. Андан тышкары сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулук, өспүрүмдөрдү кылмыштуу жолдон алыстатуу чаралары кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат берилди. 

Кыргызстанда бир жумада үч ымыркай көчөдөн табылган. Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова балдарын таштаган үч эне тең сот жообуна тартыларын билдирди.

Айтымында, кыздардын мындай кадамга барышына төрөттөн кийинки депрессия, ата-энесинен коркуу жана башка факторлор себеп болгон. Ал ымыркайын таштаган үч келин тең үй камагында экенин белгиледи.

«Ымыркайларын таштап кеткен кыздардын үй-бүлөлүк шартына да карасак болот. Ата-эне менен кыздын ортосунда баарлашуунун жоктугу, колдоо көрсөтүлбөгөнү да ушундай кесепеттерге алып келүүдө. Ошондой эле бизде «Эл эмне дейт?» деген бар. Ошол үчүн да «төрөп таштап койсом, билинбей калат» деп ойлошот. Буга төрөттөн кийинки депрессия, психологиялык абал таасир этиши мүмкүн. Ар бир баланын тарбиясы үйдөн башталышы керек. Бой жетип келе жаткан кыздарга энеси маалымат берип, түшүндүрүп, сүйлөшүшү керек. Буга чейин сурамжылоо жүргүзгөндө кыздардын көбү апасына сырын айтышпасы белгилүү болду. Алар: «Көчөдөн бирөө тийишкенин айтсам, апам көчөгө чыгарбай коёт», — деп коркушат экен. Ошондуктан бардык энелерге «кыздарыңар менен сүйлөшкүлө, сырдашкыла» деп кайрылат элем. Ошондо гана мындай учурлардын алдын алса болот».

Өлкөдө ноябрь айында жаңы төрөлгөн ымыркайлардын көчөгө ташталышы боюнча үч учур: экөө Бишкекте, бирөө Жалал-Абадда катталган. Мындан улам ата-эненин жоопкерчилиги, балдарды коргоо маселелери күн тартибине кайра чыкты. Укук коргоочулар бир гана энени эмес, баланы таштап салууга себеп болгон жагдайлар да изилдениши керектигин айтышат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чукул кеңешме өткөрүп, кароосуз калган балдарга, оор турмушта күн көргөн үй-бүлөрлөргө мониторингди күчөтүүнү тапшырган. Мындан сырткары жыйында сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар тууралуу да маалымат айтылган.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалайбек Алижанов быйыл үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу 11 миңден ашык маалымат түшкөнүн маалымдады.

Алижанов белгилегендей, милицияга маалыматты зомбулукка кабылгандар, туугандары жана окуяга күбө болгондор беришкен. Катталган фактылардын 95%ында аялдар жабыркаган.

«Эгер зомбулук фактысы тастыкталса, жабырлануучуга коргоо ордери берилет. Мындай учурда зомбулук көрсөткөн жаран үй-бүлөсүнө үч күн жолобошу керек. Буга чейин 10 миңдей коргоо ордери берилип, аны аткарбаган 302 адамдын иши сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 19 жаран 3 күндөн 7 күнгө чейин камалган. Жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 20 чуулгандуу факт иликтөөгө алынган. Бүгүнкү күндө алардын көбүнө соттук чечимдер чыкты. Жалпы жонунан үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 539 кылмыш иши козголгон».

Муну менен катар өлкөдө өспүрүмдөр арасында массалык мушташ да көбөйүүдө.

Министрликтин дагы бир өкүлү Данияр Сапарбаев быйыл Таласта, Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө өспүрүмдөрдүн массалык мушташы болгонун маалымдады. Мындан улам бир өспүрүм өз жанын кыйган.

«Өткөн жылы мектеп окуучуларынын арасында беш жолу массалык мушташ катталган. Быйыл Таласта, Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө жашы жете элек өспүрүмдөр арасында массалык мушташ болуп, Ботаникалык бактагы мушташтан кийин бир адам жоопко тартылса, экинчиси өз жанын кыйды. Ошондой эле ар бир мушташ боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкеринин күнөөсү бар болсо, ал тартиптик жазага тартылып жатат».

Октябрь айында Кара-Балта шаарында өспүрүмдөр арасында массалык мушташ катталып, бир бала октон жаракат алган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, мушташта ок чыгарууга шектүү 18 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми бутунан жаракат алган бала Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, анын катышуучуларын ошол эле күнү кармашкан.

Copyright © 2017 Maral FM