Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү.
Бул тууралуу 12-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмыштуулуктун алдын алуу, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу максатында ИИМге компьютер, оргтехника жана полиция жабдуулары берилген.
«ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташуудагы ар тараптуу колдоосу, техникалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди» , — деп айтылат маалыматта.