Connect with us

АКШ өкмөтү Кыргызстандагы мектептерге 1,8 млн китеп берди

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 286 | 0
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан сүрөт

АКШ өкмөтү Кыргызстандагы мамлекеттик мектептерге 1,8 миллионго жакын жаңы балдар китептерин белекке берди. Бул тууралуу 12-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Окуу керемет!» долбоору аркылуу берилген китептерди тапшыруу аземи Бишкектеги №21 орто мектепте өтүп, иш-чара белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун95 жылдык мааракесине арналды.

Бул китептер үй-бүлө жана достук, урмат-сый, көп түрдүүлүк жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктарды жайылтат. Төрт тилде жазылган китептердин электрондук нускалары, анын ичинде жаңдоо тилине которулган 40 китеп Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында, эл аралык Bloom санарип китепканасында жеткиликтүү.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 450 миңден ашуун башталгыч класстын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор билим берүү министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат жана өлкөнүн мектептеринин 75% камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM