Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун аткарган иштери талкууланды

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 200 | 0

Бүгүн, 12-декабрда Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу эки тараптуу жолугушуу өттү.

Ага Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган делегациялар катышты.

Жолугушууда чек араны тактоо боюнча 2023-жылга карата топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктары талкууланып, калган аймактарда чек аранын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча милдеттер коюлду.

Өткөн жумада, 5-декабрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жыйыны өтүп, тараптар чек аранын 24,01 чакырымы боюнча макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM