Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын эл аралык резерви 3 млрд доллардан ашты

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 138 | 0

2023-жылдын ноябрь айынын аягында Кыргызстандын эл аралык резерви 3 миллиард 62 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Акыркы бир айда эл аралык резервдер 227,82 миллион долларга өстү. 2022-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 285,45 миллион долларга, ал эми жыл башынан бери 18,54 миллион долларга көбөйгөн.

Запастардын эң жогорку деңгээли 2021-жылдын сентябрында болгон – 3 миллиард 241,14 миллион доллар.

Эл аралык резервдердин курамына алтындагы активдер, карыз алуу атайын укуктары жана чет элдик валюталар портфели кирет.

Валюталык портфель төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: АКШ доллары, евро, Швейцария франктары, Англиянын фунттары, Австралия жана Канада долларлары, Япония йени, Орусия рубли, Кытай юаны, Сингапур доллары, ошондой эле Норвегиянын крону.

Copyright © 2017 Maral FM