Биз менен байланышыңыз

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 376 | 0

Бүгүн, 12-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайына байланыштуу айрым унаа жолдорго убактылуу чектөөлөр киргизилип жатканын билдирди.

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 47-чакырымынан 101-чакырымына кар катуу жагандыгына байланыштуу шамал болуп, жол көрүнбөй калган. Унаа жол убактылуу жабылып, тийиштүү кызматтар иш алып барууда.

Ачылганда кошумча маалымат берилет.

Мекеме айдоочулардан жолдо жүрүү учурунда аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрүүнү өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM