Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Рысбек Акматбаевдин тууганын өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 3083 | 0

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2008-жылы Чолпон-Ата шаарында катталган адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, 2008-жылдын 4-апрелинде Чолпон-Ата шаарында кочкул түстөгү унаа менен жүргөн белгисиз адамдар Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны автомат менен аткылап кетишкен. Бул кылмыш иши прокуратуранын имаратынын жанында жасалган.

Атылган  унаанын рулунда 1955-жылы туулган Кубанычбек Коноев болгон. Ок атылгандан кийин К. Коноев башынан жана көкүрөгүнөн көптөгөн жаракат алган жана ошол жерден каза болуп, анын унаасы мамыга урунган. Кол салгандар качып кетишкен.

Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын аймагынан шектүүлөр таштап кеткен Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа табылып, аны кароо учурунда автоматтын гильзалары, номуру өчүрүлгөн “Калашников” автоматы табылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адам өлтүрүү) (эски кодекс) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголгон.

«Буга чейин айрым маалымат каражаттары кримтөбөлдү өлтүрүүгө шектелгендер кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок бул так маалымат эмес. Кубанычбек Коноев уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан менен Мирлан Коноевдердин атасы. Экөө тең 2006-жылдын августунда жана 2007-жылдын апрелинде ушундай жол менен өлтүрүлгөн. Мирлан Коноевди өлтүргөн адам 2007-жылдын 19-апрелинде Жогорку соттун имаратынын алдында  кылмыш сууй электе кармалган. Жакында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 15 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды» , — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1983-жылы туулган К. А. жана криминалдык төбөлдүн тууганы 1969-жылы туулган К. Н.  кармалды. Кармалган жарандарга карата камакка алуу чарасы тандалган.

Copyright © 2017 Maral FM