Биз менен байланышыңыз

Аскарбек Шадиевге таандык «Баткен» базарынын жетекчилери кармалды

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 2319 | 0

Бишкектеги «Баткен-Комфорт» базарында өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз жыйымдар, курулуш нормаларын бузуу жана салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Баткен» базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарт түзбөй ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, ижара акысын негизсиз жогорулатуу, салык төлөөдөн качуу фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Анын алкагында, ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулткан базардын жетекчилери менен эсепчи-кассири кармалды. Чогулган акча жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзөт.

Ошол эле учурда, ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Базар жетекчилиги салыктарды төлөөдөн качкан, соодагерлерге тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзгөн эмес. Мындан тышкары, 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33% га жогорулаткан.

Мындан тышкары, архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 9-декабрда «Реконс» ЖЧКсынын башкы директору 1977-жылы туулган Т.Б.Б., анын орун басары 1963-жылы туулган Ш.М.А., компаниянын эсепчиси 1958-жылы туулган С.О.Н. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Баткен-Комфорт» базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4 чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экенин УКМК маалымдады.

Аскарбек Шадиев мындан бир нече жыл мурун бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM