Биз менен байланышыңыз

«Дордойдо» салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкер кармалды

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 319 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын «Дордой» соода базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

УКМК билдиргендей, ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схема уюштурулган. Бул схема 5-6 жыл туруктуу туруп, салык кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

«Дордой» базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган.

Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкерин жоопкерчиликке тартууга жетиштүү далилдер алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасаган деген шек менен сотко чеийинки өндүрүштүн алкагында Салык кызматынын М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К. аттуу кызмат адамдары жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири А.А.Б. кармалды.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM