Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды тоолорду сактоого чакырды

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 177 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Бүгүн, 11-декабрда айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнөн улам тоолор туш болгон коркунучтарга коомдун көңүлүн бурдуруу үчүн тоолордун эл аралык күнү белгиленүүдө.

Бул күндү белгилөө идеясы биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы тарабынан 2002-жылы сунушталган. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул күнгө байланыштуу кайрылуу жасап, тоолорду сактоого чакырды.

Жер шарындагы кургактыктын 30%га жакынын тоолор түзөт. Тоолуу аймактарда дүйнө калкынын 15%дан ашыгы жашайт. Анын ичинде Кыргызстан да Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мөңгүлөр менен агын суулардын башатындагы тоолуу өлкө болуп саналат.

«Аймактардагы көпчүлүк дарыя-сууларда пластикалык буюмдардын, булгоочу заттардын, анын ичинде калктын ден соолугуна өтө коркунучтуу оор металлдардын, пестициддердин, мышьяк кошулмаларынын жана хлордун концентрациясынын көбөйүшү менен тоо экосистемасынын булганышы олуттуу көйгөйдү жаратат. Азыркы жана келечек муундун бакубатчылыгы үчүн биз ар бир мүмкүнчүлүктү тоолорубузду сактоо, аяр мамиле жасоого жана аларды туруктуу башкарууга пайдаланышыбыз керек» , — деп айтылат кайрылууда.

Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жөнүндө резолюция жарыялган. Ал эми Кыргызстанда 2023–2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланып, бул багытта глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлдеги иш-чаралар каралган Жол картасы бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM