Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ипотекалык компания аркылуу берилген үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 205 | 0

Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен «Керемет банк» ААКнын биргелешкен долбоорунун алкагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады.

Бул долбоор Министрлер кабинетинин «Арзан ипотека» багыты боюнча «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында ишке ашырылды.

Тогуз кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Курулуш ишин «Фаворит Строй Групп» ЖЧКсы жүргүзгөн.

Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган жарандар насыяны турак-жай наркынын 20%зын төлөө аркылуу, жылдык үстөк пайызы 8% менен 25 жылга алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM