Биз менен байланышыңыз

Күнүнө 900дөй киши келет: Министр балдар ооруканасын текшерди

Кыска кабар | 10 Дек 2023 | 125 | 0

Кезек күткөндөрдүн даттанууларына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы Тез жардам кызматынын балдар клиникалык ооруканасына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр оорукананын абалы менен таанышып, балдарын көрсөтүүгө келишкен ата-энелер менен аңгемелешти.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, стационарга күнүнө 900дөй пациент кайрылат. Алардын 80%ы багыттамасы (направление) жок келишет.

Өткөн суткада соматикалык оорулар менен 378 бейтап, хирургиялык оорулар менен 79 бейтап, лор оорулары менен 156 бейтап, травмалык оорулар менен 269 бейтап келген. Алардын көпчүлүгүнө тиешелүү жардамдар берилип, үйдөн дарылоого жөнөтүлгөн.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна демалыш күндөрү да кезек күткөндөр көп болот. Келгендин баары текшерүүдөн өткөрүлөт. Каралбай калгандар катталган эмес.

Кыштын келиши менен сасык тумоо көбөйгөнүнө байланыштуу кошумча дагы 30 койко алынып, соматикалык оорулар боюнча дарыгерлер, нөөмөтчү-ординаторлор көбөйтүлгөн.

Иш сапардын соңунда министр дарыгерлерге ыраазычылык билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM