Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Кытай «Чэнду-Бишкек» багытында аба каттам ачат

Кыска кабар | 10 Дек 2023 | 299 | 0

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жаңы каттам ачуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин аракети менен жүзөгө ашкан. Алгачкы каттам 12-декабрда Чэнду шаарынан Бишкек шаарына учуп келет.

Каттамдарды Loong Air авиакомпаниясы тейлейт. Учактар шейшемби күндөрү саат 9:05те Чэндудан чыгып, Бишкекке 12:50дө жетет. Ал эми Бишкектен ишемби күндөрү саат 13:50дө учуп, 20:35де Чэнду аэропортуна конот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM