Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда миграцияга даярдаган он борбор ачылды

Кыска кабар | 10 Дек 2023 | 340 | 0

Кыргызстанда миграцияга даярдаган 10 борбор ачылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова кечээ, 9-декабрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Борборлор кесиптик лицейлердин базасында эмгек мигранттарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында ачылган. Үч борбор Бишкектеги үч кесиптик лицейде жана жетөө облустарда иштейт. Билим берүү программалары санариптик инструменттерди жана гибриддик окутуу форматтарын колдонуу менен жүргүзүлөт», — деген министр.

Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулган борборлор ички жана тышкы жумушчу орундарга жаңы кадрларды даярдоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу жаатында иш алып барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM